Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Сузак: селдин чыгымы 113 миллион сомго жетти


Сузактагы сел алган үй. 2021
Сузактагы сел алган үй. 2021

Сузак районунун Чаңгыр-Таш жана Достук айылдарында селден үй-жайы жабыркагандар чатырларда күн кечирүүдө. Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы билдирди.

20-июлдагы селдин кесепетинен 446 үй жабыркаган, анын ичинен 118 турак жай толугу менен суу алдында калса, 67си жашоого кооптуу деп табылган. Селден үйсүз калгандарга 24 чатыр тигилген. Анда азыр 27 үй-бүлө жашап жатат. Алардын көпчүлүгү жаш балдар.

22-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чаңгыр-Таш айылына барып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын чечимине ылайык, 67 үй жашоого жараксыз деп табылган. Учурда Сузак боюнча селден келтирилген зыян 113 миллион сомго чыкты. Бул көрсөткүч өзгөрүшү да мүмкүн.

Жергиликтүү бийлик турак жай курууга жана социалдык мекемелер үчүн 30 гектар жерди трансформация кылары маалым болду.

Чаңгыр-Таш айылында 2012-жылы дагы катуу сел жүргөн.

Июлдун ортосунда Аксы районунда сегиз кишини сел агызып, каза тапкан. Селден айылдагы жолдор жана төрт көпүрө жараксыз абалга келген. Жалпы зыян 2 млн. 220 миң сом болгон. Июль айында Кыргызстандын Жалал-Абад, Баткен, Ош аймактарындагы катуу селден жалпы 10дон ашык адам каза болду. (TB)

XS
SM
MD
LG