Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:04

Токио-2020: оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков мелдешке чыгат


Бекдөөлөт Расулбеков.
Бекдөөлөт Расулбеков.

31-июлда Токиодогу Олимп оюндарында оор атлетика боюнча мелдештер уланууда. Бүгүн, оор салмактагы спортчулардын мелдештери өтөт. Кыргызстандык оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков да өз күчүн сынайт.

Расулбеков 96 килограммга чейинки салмакта "А" тайпасында мелдешке катышат. Бул салмактагы мелдештер Бишкек убактысы боюнча 16:50дө башталат.

Бүгүн, эртең менен 96 килограммга чейинки салмакта "Б" тайпасындагы мелдештер аяктады. Ага беш спортчу катышып, кубалык Олфидес Саез Вера эң мыкты жыйынтык көрсөттү. Ал жалпы 359 килону көтөрдү.

Күн мурун Бекдөөлөт Расулбеков журналисттерге маек берип, даярдыгы жакшы экенин билдирген.

Токиодогу Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Буга чейин кыргызстандык төрт спортчу атаандаштарына жеңилип, мелдештен четтеди. Алар ок атуучу Каныкей Кубанычбекова, суучул Денис Петрашов, дзюдочу Владимир Золоев жана фехтование боюнча мелдешке катышкан Роман Петров.

Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG