Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясы келди


Sinopharm вакцинасы.
Sinopharm вакцинасы.

Кыргызстанга коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын 1 млн. 250 миң дозасы жеткирилди. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди. Кытайдын Sinopharm вакцинасы республикалык бюджеттен сатылып алынууда.

1-августка карата эмдөөдөн өткөндөр. 572 миң жарандан ашканы белгилүү болду.

11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1 миллион 250 миң доза Sinopharm вакцинасы келген. Анын 150 миң дозасы гуманитардык жардам катары бекер берилип, калган вакцинаны бийлик бюджеттен бөлүнгөн акчага сатып алган.

Президент Садыр Жапаров 23-июлда Бишкек шаарында ачылган эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы Кытайдын Sinopharm вакцинасын алган. Өлкө башчысы элге кайрылып, элди эмдөөдөн өтүүгө чакырып, вакцинацияга байланыштуу жалган маалыматтарга ишенбөө керектигин билдирген.

Министрлер кабинети жарандарды өзүн жана жакын адамдарын сактап, вакцинацияланууга чакырат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG