Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Лукашенко: зарылдык болсо орус аскерлери Беларуска киргизилет


Владимир Путин жана Александр Лукашенко. Коллаж.
Владимир Путин жана Александр Лукашенко. Коллаж.

Беларус президенти Александр Лукашенко "коопсуздук үчүн зарыл болсо" орус аскерлери өлкөгө киргизилерин билдирди. Бул тууралуу мамлекеттик "БелТА" агенттиги жазган.

"Учурда буга зарылчылык жок, бизде күчтүү, бирдиктүү, компакттуу куралдуу күч бар. "Территориалдарды" эсепке албаганда, куралчан 500 миң кишини кыска убакытта тизе алабыз. Эгер ал дагы аз болсо Орусиянын куралдуу күчтөрү киргизилет. Бул эч качан болбойт. Бирок зарыл болсо биз ойлонуп отурбайбыз ", - деди ал.

Лукашенконун айтымында, Беларус Батыш менен Чыгыштын цивилизациялык тирешинин очогунда калды. Ал "НАТОнун чабуул коюучу аскердик инфраструктурасы Беларус чек араларында курулуп жатат" деп билдирди.

"Көрүп тургандай, эч нерсе өзгөргөн жок. Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы аларга эч нерсе үйрөткөн жок. Алар Брест чеби эмне экенин унутуп коюшту", - деди ал.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг буга чейин альянс акыркы саясий окуялардан улам Беларустун Орусияга болгон “көз карандылыгынын өсүшүнө” тынчсызданып жатканын айткан. Анын айтымында, НАТОнун альянсы өзгөчө кырдаал болгон учурда мүчө болгон ар бир өлкөнү Минск менен Москванын коркунучунан коргоо үчүн даяр. Ал бул коркунучтардын эмне экенин так айткан жок. Бирок Беларустун өзүнүн аймактык бүтүндүгүнө коркунуч туулушу мүмкүн экенин кыйытты.

Беларус менен Орусиянын коңшулары Польша, Литва жана Латвия - адам укуктарынын массалык түрдө бузулушуна байланыштуу Минскиге каршы каттуу санкцияларды талап кылып, Александр Лукашенконун режимине каршы эң катаал билдирүүлөр менен чыгышты. Украина ошондой эле Минск менен Москванын жакындашына тынчсыздануусун билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG