Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

Олимпиада уюштуруучулары тыюу салынган "отурушту" иликтеп жатышат


Беларустук күлүк Кристина Тимановская Токиодогу аэропортто. 1-август, 2021-жыл.
Беларустук күлүк Кристина Тимановская Токиодогу аэропортто. 1-август, 2021-жыл.

Токиодогу оюндун расмий өкүлдөрү Олимпиада айылында чогулуп алып алкоголдук ичимдиктерди ичип, башкалардын тынчын алган спортсмендер менен делегация мүчөлөрүнүн окуясы иликтене баштаганын билдиришти. Алар 30-июлда кече өткөргөн кайсы өлкөнүн командасы тууралуу сөз болуп жатканын такташкан жок.

Токио-2020 оюндары COVID-19 пандемиясынан улам катаал чектөө, ар бир чет элдик жарандын колуна берилген татаал эрежелер астында өтүп жатат. Андай эрежелер арасында мелдешип жаткан 11 миңдей спортчу жана башка конокторго чогулуп алып алкоголдук ичимдиктерди ичүү, чет элдик конокту кабыл алуу, жадыбалдан тышкары өз алдынча оюндарды көрүү, Олимпиада айылынын сыртына барып жер кыдырууга тыюу салынган.

Токио жана анын айланасындагы региондордо коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланган. Грузиянын дзюдо боюнча күмүш медал уткан эки спортчусу айрым эрежелерди бузганы үчүн Жапониядан шашылыш кетүүгө аргасыз болушту. Грузиянын Токиодогу элчилиги ал үчун Олимпиада уюштуруучуларынан кечирим сурады.

Беларустук атлетчи Кристина Тимановская улуттук команданын ичиндеги талаш-тартышты Интернетке чыгарганы үчүн мелдешке жетпей оюндардан чыгарылды. Соңку кабарлар боюнча, ал чет мамлекеттердин биринен саясий башпаанек сурашы мүмкүн.

1-июлдан бери Токио Олимпиадасына аккредитация алган 264 кишинин COVID-19 тестинен коронавирус табылды. Алардын 27си мелдешке катышууга келген спортчулар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG