Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

Сабиздин баасы боюнча материалдар тийиштүү органдарга жөнөтүлдү


Бишкек. 2021-жылдын 16-июну.
Бишкек. 2021-жылдын 16-июну.

Сабиздин баасы Кыргызстанда быйыл июнь айында эмне себептен кескин жогорулап кеткени боюнча териштирүү жүргүзүлгөндөн кийин материалдар тийиштүү органдарга жөнөтүлдү. Бул тууралуу 3-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков билдирди:

“Белгилүү болгондой, биз бир топ чара көрдүк. Азыр бул багытта абал туруктуу. Юридикалык баа берүү үчүн укук тартибин коргоочу тийиштүү органдарга материалдарыбызды жөнөттүк”.

Кыргызстанда июнь айында жашылча-жемиш кымбаттап, 20-30 сомдун тегерегинде сатылып жаткан сабиздин баасы 100-120 сомго чыккан. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги сабиз кымбаттап кетиши сезондук гана көрүнүш экенин 16-июнда билдирген.

Сабиздин баасы жогорулап кеткенине байланыштуу Чүй облусундагы бир нече ишкер боюнча териштирүү жүрүп жатканы да кабарланган.

Азыр сабиз Бишкектин дүкөндөрүндө 60-65 сомдон сатылууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG