Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

"Кумтөр" иши: Темир Сариевге чыгымдарга байланыштуу айып тагылды


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариевге "Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан" деген айып тагылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аны 3-августта кармап, 48 саатка камаган. Сариев Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген.

Сариевдин адвокаты Эдил Жаныбеков иш боюнча комментарий кийинчерээк берилерин айткан.

Темир Сариев 2015-жылдын май айынан 2016-жылдын апрелине чейин премьер-министр болгон. Андан мурун экономика жана монополияга каршы саясат министри, каржы министри, Жогорку Кеңештин депутаты болгон жана башка мамлекеттик кызматтарда иштеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG