Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:46

Эмдөө: Жасалма сертификат сунуш кылгандарды жазалоо тууралуу арыз берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы эмделгени тууралуу жалган документ жасап бергендерге карата тийиштүү органдар чара көрөт. Бул тууралуу 4-августта Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, мындай фактылар жөнүндө арыз укук тартибин коргоочу органдарга жөнөтүлдү. Эмделгиси келбеген адамдан акча алып, аны вакцина алгандардын реестрине киргизип берүүнү сунуш кылгандар пайда болгонун белгилеген министрлик андайларга ишенбөөгө чакырды. Эгер кармалып калышса документ жасаткан да, жасатып берген да адам жоопко тартыларын эскертти.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери бул илдет менен расмий түрдө катталгандардын саны 170 миңге чукулдады, алардын 2,5 миңдейи каза болду.

Учурда республиканын бардык аймактарында “Спутник V”, Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын алууга шарт бар. Эмделгендердин жалпы саны 600 миңден ашты. Вакцинанын эки дозасын алгандарга атайын сертификат тапшырылат.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө коронавируска каршы эмдөө зарыл экенин белгилеген маанай менен катар ал кооптуу экенин айткандар да болууда.

Президент Садыр Жапаров 23-июлда Sinopharm вакцинасын алган жана элге кайрылып, эмдөөдөн өтүүгө, вакцинацияга байланыштуу жалган маалыматтарга ишенбөө чакырган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG