Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Кара-Суу: Селден кийин айрым жолдордон өтүү кооптуу болуп турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Кара-Суу районунда 4-августтун кечинде катуу жаандан кийин сел жүрүп, кокту-колоттон түшкөн суу бир үйдү жана жолдорду каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, сел суусу Баш-Булак жана Кара-Сөгөт айылдарына агып кирди.

“Кара-Сөгөттө бир үйдүн артынан сел суусу кирип тешип өткөн, алты адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө зыян келген жок. Ички чарбалык жолдордун сегиз чакырымы кооптуу абалда турат. Машинелер араң өтүп жатышат” деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Сел жүргөн учурда тартылган видеодон суунун ыкчам агымы жолдорду жууп, селкананын жээгине курулган тапчанды агызып кетип жатканын көрүүгө болот.

ӨКМ 5-8-августтареспубликанын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен. Өткөн айда Баткенде сел 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алган. Жалал-Абад облусунда селдин курмандыгы болгондор онго чукулдаган. Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында да сел жүрүп, айрым үйлөр жана жолдор жарактан чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG