Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

Тажикстандын тоолуу районунда мугалимдер маянасыз калды


Тажикстандык мугалимдер. Март, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Тажикстандык мугалимдер. Март, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстан менен чектеш жайгашкан Хатлон облусуна караштуу Муминабад районунун мугалимдери быйыл жайкы эмгек өргүү үчүн акча алышкан жок. Өкмөт аларга 1,5 млн сомони карыз. Жергиликтүү акимчилик Каржы министрлигине кайрылганын, бирок жооп ала электигин билдирди.

"Мен эки жолу Каржы министрлигине кайрылдым. Кат жеткирдим. Бирок биз азыркы финансылык оор абалды эске алышыбыз керек", - деди райондун башчысы Лутфия Шарифзода.

Муминабад району республикалык жана облустук бюджеттен каржыланат. Ушул тапта мугалимдер гана эмес медицина кызматкерлери да маяна алышпаганын билдиришүүдө.

Бул арада Тажикстандын каржы министри Файзиддин Каххорзода августта өткөн маалымат жыйынында айлык маяна боюнча бересе жок экенин айткан.

Былтыр пандемия күчөп турган маалда Тажикстандын булуң-бурчунан жүздөгөн мамлекеттик кызматкерлер маяна ала албай жатканына даттанышкан. Кийинчерээк бийлик карызды жапканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG