Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Өзбекстанда коранавирус жугузуп алгандар акысыз өргүүгө чыгарылууда


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча коронавирус менен ооруп калган кызматкерлер акы төлөнбөгөн эс алууга чыгарылууда.

Айрым компаниялар жумушчуларын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө мажбурлап жатканы кабарланды.

“Үч айдын ичинде биздин эки кесиптешибиз коронавирус илдетин жугузуп алды. Азыр алар акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүндө. Жетекчибиз бардыгыбыз эмделишибиз керектигин айтты. Эгерде эмделбесек, айлык төлөнбөй турганы эскертилди”, – деди атын атагысы келбеген Хорезмдеги газ тармагынын кызматкери.

Буга чейин Өзбекстандагы бир катар ишканалардын жумушчулары милдеттүү түрдө мажбурлап эмдөөгө даттанышкан болчу.

Өзбекстанда мыйзам жарандарды мажбурлап эмдөөгө тыюу салат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG