Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Баткенде төрт миллион сомдук аткезчилик товар кармалды


Аткезчилик менен кармалган товар.
Аткезчилик менен кармалган товар.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Баткен облустук тартип сакчылары менен бирге 5-8-август күндөрү Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик менен алынып келе жаткан жалпы суммасы төрт миллион сомдон ашык товарды кармады.

УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, 4,5 тоннадай жүзүм, ири өлчөмдөгү тамеки, курулуш каражаттары, жер семирткичти мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылышкан.

Мыйзамсыз жүктөрдү ташыган машинелердин айдоочуларынын баары Кыргызстандын жарандары экени аныкталды. Алар тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Эки өлкө ортосундагы аткезчилик президенттердин деңгээлинде да талкууланган. 28-июнда Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров Дүйшөмбүгө расмий сапар менен барганда тажик президенти Эмомали Рахмон менен бул жаатта биргелешкен билдирүү кабыл алышкан. Эки мамлекет башчылары мыйзамсыз товар ташуу токтобой жатканына тынчсызданышкан.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал чыккан. Анда Кыргызстандын 36, Тажикстандын 19 жараны каза болгон. Бул окуядан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек араны убактылуу жапкан. Жаңжалдан соң чектеш аймактарды жоокерлер менен кошо элдик кошуундар да көзөмөлдөй баштаган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG