Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

Беларустагы каршылыктардын бир жылдыгына байланыштуу тилектештик акциялары өттү


Беларустагы каршылык акциялары. 16-август, 2020-жыл.
Беларустагы каршылык акциялары. 16-август, 2020-жыл.

Былтыр, 9-августта Беларустагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланып, ага карата жарандык каршылык көрсөтүү кыймылы чыккан күндүн урматына ар кайсы өлкөлөрдө тилектештик акциялары өттү.

Стокгольмдагы манифестацияга Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде, маданият министри Аманда Линд жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча активист Грета Тунберг катышты.

Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча жогорку комиссары Жозеп Боррель Беларустагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалоонун бир жылдыгына карата декларация жарыялады. Документте «бир жыл мурун дал ушул күнү Беларус элинин легитимдүү лидер тандоо үмүтү талкаланганы» көрсөтүлдү.

Ошондой эле, Евробиримдик беларус элинин адам укугу жана мыйзамдын үстөмдүгү үчүн талыкпаган күрөшүн баалады. Анын бир жыл мурда жасаган демократиялык тандоосу ошол бойдон калбай турганы белгиленди.

Анда Евробиримдик беларус коомунан ажырап калган Лукашенконун режимин мурдагыдай эле тааныбай турганы көрсөтүлдү.

8-августта Польшанын Варшава жана Белосток шаарында беларус элине тилектештик акциялары өттү.

Былтыр 9-августта Лукашенконун башкы атаандашы Светлана Тихановская президенттик шайлоонун жыйынтыгын четке кагып, ал өзү электораттын 70% добушун алганын айтып, добуш берүү бурмаланганын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG