Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:31

Милиция "Айчүрөк" дүкөнүн курчоо себебин түшүндүрдү


"Айчүрөк" дүкөнү. 2021-жылдын 9-августу.
"Айчүрөк" дүкөнү. 2021-жылдын 9-августу.

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмү (РИИБ) тараткан маалыматка ылайык, бүгүн, 9-августта саат 16:10 чамасында борбордук "Айчүрөк" дүкөнүндө колунда баштыгы бар кара кийимчен шектүү аял жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Дүкөнгө оперативдүү-тергөө тобу, милиция кызматкерлери, кайгуул-күзөт кызматынын экипажы жана Бишкек ШИИБ менен Свердлов РИИБнин жетекчилик курамы барган. Милициядан тышкары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери да иштеп жатканы кабарланды.

Жарандардын коопсуздугун сактоо максатында соода борборундагы адамдар эвакуацияланган.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары имараттын ичинде адамды барымтага алуу сыяктуу окуя болгонун жазып жатышат.

Ал эми өзүн соода борборундагы коопсуздук кызматынын жетекчиси деп тааныштырган Виктор Жирков аттуу жаран дүкөндө жок жерден ызы-чуу болуп жатканын, эч кандай барымтага алган да, алынган да жарандар жоктугун "Азаттыкка" билдирди:

"Соода борборунун дааратканасына бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү" деп бизди бардык сатуучуларды жана башка жарандарды тез арада эвакуациялоо талабы айтылды. Биз баарын чыгарууга мажбур болдук. Эч кандай барымтага алынгандар жок. Мунун баары ойдон чыгарылган. Журналисттерби, башкаларбы, айтор ойдон чыгарып жиберишкен".

“Айчүрөк” - борбор калаадагы ири дүкөндөрдүн бири. Ал “телефондук террористтердин” бутасына айланган учурлар буга чейин бир нече жолу катталган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG