Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Британия Беларуска жаңы санкцияларды киргизди


Доминик Рааб. Улуу Британиянын тышкы иштер министри.
Доминик Рааб. Улуу Британиянын тышкы иштер министри.

Александр Лукашенконун режиминин адам укугу менен демократияга каршы аракеттерине жооп катары соода, финансылык жана авиациялык чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу британдык тышкы саясат мекемесинин расмий сайтына жарыяланды.

Санкцияда беларус учактарына Улуу Британиянын аймагынан учуп-конууга жана Лукашенко баш болгон жогорку кызмат адамдары колдонгон учактарды тейлөөгө тыюу салуу да каралган.

Ошондой эле Беларуста өндүрүлгөн мунайды, калий жер семирткичин, тамеки өндүрүшүнө керектелчү чийки затты сатып алууга чектөө коюлган. Андан сырткары беларус өндүрүшүнөн чыккан курал-жаракка киргизилген эмбарго күчөтүлөт. Беларустун банктарынын баалуу кагаздарын сатып алууга жана аларды насыялоого тыюу салынат.

Мындан тышкары Лукашенкого жакын санаалаш деген орусиялык ишкер Михаил Гуцериев дагы санкциялык тизмеге киргизилди. Анын учактарын техникалык тейлөөгө уруксат берилбейт.

"Бул санкциялар Британия Лукашенконун шайлоонун жыйынтыгын бурмалагандан кийинки аракеттерин кабыл албастыгын көрсөтөт. Лукашенконун мамлекеттик өнөр жайынан чыккан товарлар Британияда сатылбайт", – деп билдирди Улуу Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб.

Мындан сырткары АКШ дагы Беларуска каршы жаңы санкциялардын топтомун даярдап жатканын AFP агенттиги кабарлады. Санкциялар Беларустун улуттук Олимпиада комитетине дагы тиешелүү экени белгиленди.

Чектөөлөр ирландиялык Ryanair компаниясына таандык учакты Минскиге мажбурлап кондурууга байланыштуу Евробиримдик кабыл алган санкцияларга удаа киргизилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG