Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Москвада полиция бөлүмүнүн жанында жамбашын көрсөткөн кыз камалды


Алина Иванова.
Алина Иванова.

Москва соту полиция бөлүмүнүн жанында жамбашын көрсөткөн активист кыз Алина Иванованы «майда бейбаштыкка» айыптап, беш күнгө камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Орусиядагы басылмалар жазышты.

Иванова Екатеринбургдагы модель кыз Елена Никифорова менен сүрөтчү Айсель Ахмедованын камалышына каршылык билдирген. Алар полиция бөлүмүнүн жанында фотосессия уюштурганы үчүн бир нече суткага камалышкан.

«Комментарийлер үчүн камашат, «лайк» үчүн камашат, эми сүрөт үчүн дагы камашабы», - деген Алина Иванова.

Орусияда быйыл жыл башынан бери оппозициячыл активисттерди, алардын тарапташтарын кармоо жана камоо күч алды. 9-августта сот январь айындагы демонстрациянын катышуучусу Александр Федеряковду бир жыл алты айга камакка алды. Ал тартип коргоочуга баш ийбей, кол салган деген кине менен айыпталды. Федеряков мындай дооматтарды четке какты.

Январь айынын соңунда оппозиция лидери Алексей Навальныйды колдоо акциялары өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG