Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:17

Месси ПСЖ менен келишим түзүү үчүн Францияга келди


Мессини Франциянын Ле Бурже аэропортунда жүздөгөн күйөрмандары тосуп алышты.
Мессини Франциянын Ле Бурже аэропортунда жүздөгөн күйөрмандары тосуп алышты.

«Алтын топтун» алты жолку ээси, футболчу Лионел Месси «Пари Сен-Жермен» (ПСЖ) клубу менен келишим түзүү үчүн Францияга 10-августта келди.

«Бул Париж» деген жазуусу бар футболкачан 34 жаштагы аргентиналык спортчуну Ле Бурже аэропортунда жүздөгөн күйөрмандары тосуп алышты. ПСЖ футбол клубунда бразилиялык Неймар жана жылдызы жанып келаткан Килиан Мбаппе дагы ойнойт.

8-августта Месси «Барселона» клубунан кетип жатканын билдирип, маалымат жыйын өткөргөн. Ал 2000-жылы 13 жашында бул клубга кошулганын айтып, көзүнө жаш алган.

Былтыр декабрда Лионел Месси «Барселона» үчүн 644 гол киргизип, 46 жылдан бери сакталып келген рекордду жаңырткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG