Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Коронавирустан дагы жети адам көз жумду, 382 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрот.
Иллюстрациялык сүрот.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 11-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан дагы жети адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2420 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 382 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (218) жана Чүй облусунда (52).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 170 353 адамга жетти.

Бир күндө 771 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2455 адам жатат, дагы 4031 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирген. Июндун башында бир күндө коронавирус менен 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG