Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

Оюн-зоок борборунда кызды чапкан адамга Орусияга кирүүгө тыюу салынды


Кыргызстан. Бишкек. Сатуучунун бетине калькулятор ыргыткан кыргызстандык жигит.
Кыргызстан. Бишкек. Сатуучунун бетине калькулятор ыргыткан кыргызстандык жигит.

Орусиянын Ички иштер министрлиги Бишкектеги SMagic балдардын оюн-зоок борборунда кызматкер кызды коюп жиберген Али Алимбаевге Орусияга 10 жыл кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги укук коргоо органдарындагы булагына таянып жазды.

2-августта Бишкектеги SMagic паркында баласын аянтчага ойноткону алып барган адам тейлөөчү кызматкер кыздан орусча эмес, кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган. Окуянын видеосунда эркек киши кызматкер кызга улам тап коюп айтышып, бир убакта үстөлдө жаткан калькулятор менен уруп жибергенин көрүүгө болот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) шектүү адамга Кыргызстанда Конституция боюнча орус тили кыргыз тили сыяктуу эле мыйзамдуу макамга ээ экени тууралуу расмий эскертүү берген. Милиция Жазык кодексинин “Майда ээнбаштык” деген беренеси менен иш козгогон. Айрым интернет колдонуучулары ээнбаштык катары эмес, улут аралык кастыкты козутуу катары каттоого алуу керектигин жазышкан.

Бул окуядан улам Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский 10-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин астында бир канча тарапташы менен нааразылык акциясын өткөрдү. Ал Орусиянын Кыргызстандагы элчисин токтоосуз чакыртууну жана бардык соода-алаканы токтотууну талап кылып, кыргызстандык эмгек мигранттарын депортациялоо керектигин айтты.

Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий деген макамга ээ. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG