Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:55

ЖАМК: Абакта кыйноого кабылганы айтылган адамдын өзүнөн арыз түшкөн эмес


Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбор тараткан сүрөт.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбор тараткан сүрөт.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Беловодское айылындагы №16 колонияда жазасын өтөп жаткан адам кыйноого кабылганы тууралуу маалыматты четке кагууда.

Бүгүн 11-августта “Биринчи радионун” түз эфиринде сүйлөп жатып мекеменин жетекчиси Аскат Эгембердиев абакта кармалып турган адамдар боюнча тийиштүү мыйзамдар жана эрежелер бар экенин, кызматкерлер ишин ошолордун негизинде жүргүзөрүн билдирди:

“Биринчиден, ал текшерүүгө кечигип барган. Экинчиден, андан алкоголь жыттанып жаткан. Жазык-аткаруу мыйзамдарында “Бир аз кечикти же бир аз алкоголь жыттанып турду” деген түшүнүк жок. Ал адамдын өзүнөн арыз-даттануу түшпөгөнүн айта кетким келет. Кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Ал “Ооба, ошондой факт болду. Ооба, эмоцияга алдырып кесип жибердим. Текшерүүгө кечиктим, тартип буздум” деп түшүнүк кат жазган.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор №16 колонияга текшерүүгө барганда тогуз жылга кесилген адам күзөтчүлөрдүн кыйноосуна кабылганын айтып бергенин 10-августта билдирген.

Борбор “Ал 5-августта уктап калып, эртең мененки текшерүүгө бир аз кечигип калган. Мындан удам 5-6 күзөтчү аны күчкө салып, камерага сүйрөп кирип, сабаган. Кармалган адамды кара ниет мыйзам бузуучу катары тариздеп, бир айга чейин штрафтык камерада кармашкан. Ал мындай кордукка чыдабай көкүрөгүн кесип салган. Ал киши учурда күзөтчүлөрдү жоопко тартууну суранып жатат”, - деп белгилеген.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери өзгөчө макамга ээ, алар жабык жайларга каалаган убакта кирип барып, инспекция жүргүзө алат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG