Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Мунарбек Сайпидиновго козголгон кылмыш иши кыскартылды


Мунарбек Сайпидинов.
Мунарбек Сайпидинов.

Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мунарбек Сайпидиновго карата козголгон кылмыш иши Ош шаардык соту тарабынан кыскартылды. Бул тууралуу Ош шаардык жана облустук соттун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы 11-августта "Азаттыка" билдирди.

"21-июнда Ош шаардык соту токтом чыгарган. Айыптоо жазасы боюнча мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу Мунарбек Сайпидинов жаза жоопкерчилигинен бошотулуп, иш өндүрүштөн кыскартылган",- деди Айпери Туратбек кызы.

Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында 11-январда кармалган.

Ош шаардык соту 13-январда Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасын карап, анын туруктуу жашаган жери бар экенин, мамлекетке келтирилген 1 млн. 33 миң 700 сомдук материалдык зыянды толугу менен төлөп бергенин жана үй-бүлөлүк абалын эске алып, Сайпидиновду 11-мартка чейинки мөөнөткө үй камагына чыгарган. Шектүү сот залынан бошотулган.

УКМКнын маалыматында, Савай айылындагы орто мектептин спорт залынын курулушунун суммасы 1 млн. сомдон ашуун акчага ашыра бааланганы жана Сайпидинов башка жооптуу жетекчилер менен кошо спорт залды сапатсыз бүтүрүлгөнүнө карабай, кабыл алганы кабарланган.

УКМК ошондой эле Ош шаарындагы жана Ош облусунун аймагындагы түрдүү кылмыштарды жасаган уюшкан топту түзүү фактысы боюнча сотко чейинки териштирүүдө да Сайпидинов күбө катары өтүп келе жатканын билдирген.

Мунарбек Сайпидинов Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан бери жетектеп келген. Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын тизмесинде 126-талапкер болуп катышкан.

Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга байланыштуу айыпталган Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.(MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG