Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Шаардык сот Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгаруудан баш тартты


Асылбек Жээнбеков. Архивдик сүрөт.
Асылбек Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгаруудан баш тартты. Бүгүн 11-августта анын бөгөт чарасы боюнча маселе шаардык сотто каралып, Биринчи Май райондук сотунун 30-сентябрга чейин абакта калтыруу тууралуу чечими күчүндө калтырылды.

Улуттук коопсуздук бонча мамлекеттик комитет (УКМК) депутаттар Асылбек Жээнбековду жана Төрөбай Зулпукаровду быйыл 31-майда кармап, тергөө абагына камакка алган жана аларга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылганын билдирген.

Бүгүн шаардык соттун алдында Жээнбековдун тарапкерлери акция уюштуруп, бошотууну талап кылышты жана күнөөсү жок экенин айтып жатышты.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Төрөбай Зулпукаров парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары болчу.

Зулпукаровдун бөгөт чарасы боюнча маселе шаардык сотто азырынча карала элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG