Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:31

ЖАМК аялдар абагында катталган коронавирус боюнча маалымат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын абак жайларында коронавирустун оор формасына чалдыккандар катталган жок, бул вирус жукканы аныкталган беш аялдын кайталап тапшырган анализдери таза чыккан. Бул тууралуу 11-августта “Биринчи радиого” курган маегинде Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Аскат Эгембердиев билдирди.

Эгембердиев аялдар абагында 50дөй аял ооруп калганы тууралуу маалыматты четке кагып, жалпысынан жаза аткаруу системасында 6 миңдей адам текшерилгенин, эки жолу жалпы скрининг жүргүзүлгөнүн айтты:

“№2 колония (аялдар абагы) тууралуу айта турган болсок, ооба, проблема болгон. Бирок биз өз алдыбызча скрининг жүргүздүк. ПЧР тестинен коронавирус чыккан беш адам аныкталган. Аларды дароо изоляцияга алдык. Оорусу жеңил өттү. Кырдаал көзөмөлдө. Дарылануусу уланып жатат. Саны боюнча көрсөткүч нольго жакындап калды. Кайталап тапшырган ПЧР тести таза чыккан”.

Өткөн айда Чүйдүн Степное айылындагы аялдар түрмөсүндө 50 аял коронавирус менен ооруп жатканын укук коргоочулар айтып чыгышкан. Кыргызстанда COVID-19 вирусу 170 миңден ашуун адамга жугуп, алардын 2,5 миңдейинин өмүрүн алганы расмий статистикада айтылат. Бирок дарыгерлер жана эксперттер көрсөткүчтөр мындан жогорку экенин бейрасмий айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG