Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:45

АКШ: инфраструктураны жаңылоого 1 трлн. долларлык долбоор сунушталды


Капитолийдин фонундагы АКШ желеги. Иллюстрациялык сүрөт.
Капитолийдин фонундагы АКШ желеги. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШда автоунаа жана темир жолдорду, аэропорт, автобекеттерди жаңылоого 1 трлн. долларлык сунуш колдоо тапса, президент Байдендин башкы жеңиштеринин бири болуп калат. Сенатта модернизация тууралуу жаңы мыйзам долбоору 69 "макул", 30 "каршы" добуш алды.

Буга байланыштуу шейшембиде президент Жо Байден вице-президент Камала Харрис менен бирге кайрылуу жасады. Харрис АКШнын инфраструктуруасына тарыхый инвестиция салынуучу күн жакын калганын айтса, президент Байден Демократиялык жана Республикалык партиялардын өкүлдөрүнө долбоорду колдоп бергени үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Өлкөнүн инфраструктурасын жаңылоо жана өнүктүрүү боюнча эки партия сунуштаган долбоор АКШнын ондогон жылдардан берки эң ири мыйзам долбоору катары каралды. Сурамжылоолор америкалыктардын басымдуу бөлүгү аны колдой турганын көрсөттү.

XS
SM
MD
LG