Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:06

Германия Тажикстанга 100 миң доза Astra Zeneca вакцинасын берет


AstraZeneca вакцинасы.
AstraZeneca вакцинасы.

Тажикстанга британ-швед өндүрүшүнөн чыккан AstraZeneca вакцинасынын 100 миң 800 дозасы жөнөтүлөт. Бул тууралуу Германия өкмөтүнүн расмий өкүлү Ульрике Деммер билдирди.

Германия өкмөтү өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө 30 млн. доза вакцина бере турган болду. Деммердин айтымында, вакцина COVAX программасынын алкагында Тажикстан, Өзбекстан, Судан, Эфиопия жана Ооганстанга, ошондой эле вакцинага өтө муктаж болуп жаткан башка өлкөлөргө берилет.

Тажикстандын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги августтун башында өлкөдө COVID-19га каршы бир миллиондой киши эмдөөдөн өткөнүн кабарлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG