Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:17

Владимир Жириновский Ысык-Көл форумун жандандырууну каалайт


Владимир Жириновский Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин астына акцияга чыкты. Москва. 10-август, 2021-жыл.
Владимир Жириновский Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин астына акцияга чыкты. Москва. 10-август, 2021-жыл.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Борбор Азия өлкөлөрү менен Орусиянын маданий байланышын өнүктүрүү үчүн Чыңгыз Айтматовдун Ысык-Көл форумун кайра баштоону жана Кыргызстанда орусиялык туристтердин санын көбөйтүү үчүн Орусиянын шаарларынан Ысык-Көлгө темир жол ачууну сунуштады.

Бул тууралуу ал кечээ, 10-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен жолугушкан учурда айтты. Тараптардын жолугушуусу 10-августта элчилик имаратынын жанында Владимир Жириновский уюштурган митингден кийин, Кыргызстандын элчисинин демилгеси менен уюштурулган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жакында балдар оюн-зоок борборундагы окуя тууралуу сүйлөштү. Элчи мындай чагым мүнөздөгү көрүнүштөр бардык эле өлкөдө кезигерин, күнүмдүк деңгээлдеги окуя катары караларын, бул маселе боюнча тиешелүү органдар иштеп жаткандыгын белгиледи.

Элчиликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, тараптар мындай кырдаалды эки өлкөнүн мамилесин бузууну көздөгөн адамдар колдонушу мүмкүн экенине макул болушту.

Г.-К.Самат 19-августта Чолпон-Атада "ЕАЭБдеги бизнес-өнөктөштүктүн жаңы чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү" аттуу III кыргыз-орус бизнес форуму күтүлүп жатанын билдирди. Владимир Жириновский бул иш-чарага катышууга кызыкдар экенин айтып, партиялаштарын Кыргызстанга барып келүүгө үндөдү.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский 10-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин астында бир канча тарапташы менен нааразылык акциясын өткөрдү. Ал Орусиянын Кыргызстандагы элчисин токтоосуз чакыртууну жана бардык соода-алаканы токтотууну талап кылып, кыргызстандык эмгек мигранттарын депортациялоо керектигин айткан.

Бул окуядан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын элчисин чакырып, андан эки өлкө ортосундагы тарыхый достук мамилелерине залака тийгизгиси келген “айрым чагымчыл элементтердин көңүлүн алууга аракет кылган кээ бир орусиялык саясатчыларга” көңүл буруусун өтүнгөн.

2-августта Бишкектеги SMagic паркында баласын аянтчага ойноткону алып барган адам тейлөөчү кызматкер кыздан орусча эмес, кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган. Окуянын видеосунда эркек киши кызматкер кызга улам тап коюп айтышып, бир убакта үстөлдө жаткан калькулятор менен уруп жибергенин көрүүгө болот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) шектүү адамга Кыргызстанда Конституция боюнча орус тили кыргыз тили сыяктуу эле мыйзамдуу макамга ээ экени тууралуу расмий эскертүү берген. Милиция Жазык кодексинин “Майда ээнбаштык” деген беренеси менен иш козгогон, айрым интернет колдонуучулары ээнбаштык катары эмес, улут аралык кастыкты козутуу катары каттоого алуу керектигин жазышкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG