Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:26

Кыйноолорго каршы улуттук борбор дарыгердин үстүнөн даттанды


Кыргызстандагы абактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы абактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Улуттук хирургия борборунун дарыгерлери абакта жатып кырсыктаган адамды карабай койгону үчүн Кыйноолорго каршы улуттук борбор Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кат жолдоду. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Бакыт Рысбаев "Азаттыкка" билдирди:

"Биз азырынча министрликке чара көрүүсүн өтүнүп, кат жолдодук. Кийинки кадамдарыбыз ал жактан берилген жоопко жараша болот. Дарыгерлер жазасын өтөп жаткан адамды карабай коюп, анын Конституциялык укугун бузушкан".

Маалыматка ылайык, 5-август күнү Молдовановкадагы абакта жазасын өтөп жаткан С.А. аттуу адам терезеге айнек салып жатып, кырсыкка кабылган. Көкүрөгүнөн жаракат алган кишини "Тез жардам" Бишкектеги Улуттук хирургия борборуна алып келген учурда дарыгерлер анын соттолгонун негиз кылып, кароодон баш тартышкан.

"Тез жардамдын" кызматкерлери бул боюнча акт түзүп, жарадар кишини Травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборуна алып барышкан. Ал жерден оорулуунун жаратын тигип беришкен.

Учурда оорулуу №47 түзөтүү абагында медициналык жардам алып жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG