Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Бишкек: Сарыбашов мэрликтен кеткенин, башка максаттары бар экенин жарыялады


Таалайбек Сарыбашов.
Таалайбек Сарыбашов.

Бишкек шаарына мэрдин милдетин аткаруучу болуп 10 күн мурда дайындалган Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу менен кызматтан кеткенин 12-августта социалдык түйүндөр аркылуу жарыялаган билдирүүсүндө айтты.

Өз сөзүндө ал ишеним көрсөткөнү үчүн президент Садыр Жапаровго рахматын айтып, “кызматты тапшырууда эч кандай саясат жок экенин” билдирди, “айрым себептерге байланыштуу жеке өзүмдүн чечимим” деп айтты жана “алдыда жакшы максаттар” бар экенин кошумчалап, ал тууралуу жакынкы арада кабарлай турганын белгиледи.

50 жаштагы Таалайбек Сарыбашов 2018-жылдан бери Ош шаарынын мэрлик кызматын аркалап келген. Анын ордуна Ошко жетекчи болуп Алмаз Мамбетов барган.

Алмаз Мамбетов менен Таалайбек Сарыбашов кызматты президент Садыр Жапаров сунуштаганын билдиришкен.

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Жаңы чакырылыштар өз сессиясында президент сунуштаган мэрлерди шайлап, же четке кагышы керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул эки шаарда мэр шайлоону 26-августка белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG