Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Жаңы унаалар акимдерге берилет


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы "Автотранспорт" бирикмеси 60 миллион сомго унаа сатып алуу үчүн жарыяланган тендер боюнча түшүндүрмө берди.

Буга чейин Президенттин администрациясы жаңы унааларды сатып алууну пландап жатканы маалым болгон.

"Жаңы машинелерди материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана жакшыртуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук администрация башчыларынын (акимдердин) ишинин ыкчамдуулугун жогорулатуу максатын көздөйт. Бийликтин вертикалын чыңдоо, акимдердин статусун жогорулатуу максатында автопаркты жаңылоо чечими кабыл алынды", - деген билдирүү таратты "Автотранспорт" бирикмеси.

Президенттин иш башкармалыгынын маалыматына караганда, район акимдеринин кызматтык унаасы 13-15 жыл мурда алынган. Аларды оңдоп турууга республикалык бюджеттен каражат бөлүнөт.

Буга чейин Президент Садыр Жапаров облустардын, райондордун жетекчилерин алмаштыруу тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык май айына чейин 19 аким орун ротацияланган.

Март айында Мамлекеттик кадр кызматы акимдердин баарын аттестациядан өткөргөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG