Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

Иманкулов шайлоону ички коопсуздукка башкы коркунуч атады


Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргызстандагы ички улуттук коопсуздуктун эң башкы коркунучу катары шайлоолорду атады.

Бүгүн, 12-августта өтүп жаткан коопсуздукка байланыштуу эксперттердин жыйынында сөз сүйлөп, өлкөдөгү ички, тышкы кооптуу факторлорду санады.

"Кыргызстанда акыркы жыйырма жылдан бери саясий, экономикалык туруксуз абал адилет өтпөгөн шайлоолордон улам келип чыгууда. Шайлоого байланышкан саясий оюндар кан төгүүлөргө алып барууда. Буга 2005-2010- 2020-жылдардагы парламенттик шайлоодон кийин болгон окуяларды мисал келтирсек болот. Ар ким өз көмөчүнө күл тартып олтуруп, улуттук коопсуздук унутта калууда. 2020-жылдын октябрь айында болгон окуялар буга мисал. Ошондо да шайлоонун алдында биз бийликке эскертип, адилетсиз шайлоо элди толкундоого алып келери мүмкүн экенин айтканбыз".

Ооганстандагы талибдердин аймактарды улам ээлеп алуусу Кыргызстандын сырткы коопсуздугу үчүн олуттуу көйгөй болорун да эскертти.

Бишкекте "Кыргызстандагы улуттук коопсуздуктун курч маселелери" аттуу жыйын өтүп жатат. Аны "Элчи" деп аталган социалдык-саясий изилдөө институту уюштурду. Иш чарага өкмөт өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер катышууда. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG