Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

ЕЭАБге мүчө өлкөлөдүн ичинен Кыргызстандын инфляция көрсөткүчү жогору


Бишкектеги базарлардын бири.
Бишкектеги базарлардын бири.

Улуттук статистика комитети 2021-жылдагы Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн экономикасындагы абалды салыштырмалуу талдаган маалымат чыгарды.

Ага ылайык, ЕЭАБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен июль айында 2020-жылдын декабрь айына салыштырмалуу Кыргызстанда инфляция 7% болуп, жогорку деңгээлге чыкты.

Арменияда инфляциянын деңгээли басаңдап, 3,3% болду.

Кыргызстанда товарларга болгон баалар жана тарифтер (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) 9,8% өстү.

Беларуста товарлардын баасы 6,7%, тейлөө наркы 5,3% жогорулады.

Кыргызстанда июнда азык-түлүк баасы май айына салыштырмалуу 19,5% кымбаттаганын Улуттук статистика комитети кабарлаган.

Улуттук банк жакынкы айларда инфляция 10% ашпай турганын, жылдын аягында 7% чейин төмөндөй турганын билдирген. Бирок май айындагы божомол боюнча сентябрга чейин инфляция 11% деңгээлинде болору, жыл соңунда 9% чейин төмөндөй турганы айтылган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG