Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Министр Жапаров талаш жараткан мыйзамды ишкерлер менен талкуулады


Жыйынга экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров катышууда.
Жыйынга экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров катышууда.

Бүгүн 12-августта Бишкекте экономикадагы өзгөчө кырдаал боюнча мыйзам долбоорун талкуулаган кеңири жыйын өтүп жатат. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Бийлик өкүлдөрү өз аргументтерин келтирүүдө, ишкерлер да өз ойлорун айтып жатышат.

Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров негизги максат экономикадагы терс көрүнүштөргө каршы ыкчам чара көрүү экенин айтып, негизги багыттардын бир салык чогултуу болуп жатканын белгиледи:

"Конституция боюнча, салык төлөө биздин милдетибиз. Салык төлөгөндөрдү коргойбуз, төлөбөгөндөрдү үйрөтөбүз. Айласы жогунан төлөп калганын өзү да билбей калат".

Министрлер кабинети экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу сунуш кылып жаткан мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үч окууда тең жактырылган. Министр Жапаровдун айтуусунда, 15ке жакын мыйзамдык жана ченемдик акт өзгөртүлүп, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугусуз бюджеттин 20% чейинки киреше жана чыгашасын өз алдынча аныктаганга укук алат.

10-августта Кыргызстандагы 70тен ашуун бизнес-ассоциациянын башын бириктирген уюм президент Садыр Жапаровго кайрылып, экономикадагы өзгөчө кырдаал тууралуу мыйзам долбооруна кол койбоого чакырган. Уюмдун пикиринде, мыйзам долбооруна вето коюлуп, бардык тараптар катыша алгыдай талкуудан өткөрүү үчүн кайра артка жөнөтүлүшү зарыл.

Экономика боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланса бул демилге ишкерлерге жана жалпы экономикага терс таасирин тийгизиши мүмкүн деген кооптонуусун мурдараак Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит да белгилеген. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG