Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:28

Бахавидинов: кыргыз-тажик чек араcындагы жаңжалдын чыгымы 1,3 млрд. сом болду


Максат айылындагы салынып жаткан үйлөрдүн бири.

Баткен облусунда 28-апрелден 1-майга чейин уланган Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чатагынын чыгымы 1,3 миллиард сом болду.

Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эрмек Бахавидинов билдирди.

"Баткендеги чыгымдын жалпы суммасы 1 миллиард 305 миллион сом болду. 140 үй, сегиз коомдук имарат, 76 коммерциялык жай өрттөлгөн. Үйлөр кайра курулуп, ишкерлерге үстөксүз, күрөөсүз насыя берилип жатат. Жарактан чыккан мамлекеттик стратегиялык жолдор кайра калыбына келүүдө".

Азыркы тапта Баткенде турак жай, социалдык имараттар жана коммерциялык жайларды кайра куруу жаатында толук кандуу иштер жүрүп жатат.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG