Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:32

Ысык-Көлдө сабалган баланын ата-энеси КП гезитине маек берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдөгү спорттук лагерде сабалган орус улутундагы тогуз жаштагы баланын ата-энеси азыркы тапта Москвада. Алар Орусияга үй-бүлөсү менен көчүп кетүүнү кааларын "Комсомольская правда" (КП) гезитине курган маегинде айтышкан.

"Баланын атасы Кыргызстанда орус тилине байланыштуу көйгөй жок деп жатат. Алар бул өлкөгө жүз жыл мурда көчүп келген орусиялыктардан окшойт. Документ, кино-тасмалар, спорттук берүүлөр баары эки тилде болорун айтты. Ошентсе да ал үй-бүлөсүн Орусияга көчүрөрүн билдирди. Өспүрүмдүн ата-энеси көчүп кетүү үчүн документ топтоп жатат. Баланын атасы Орусиянын Кыргызстандагы консулдугунда бул багытта бир топ кыйынчылыктар бар экенин айтты", - деп жазат гезит.

Июль айынын башында "Балдардын укугун коргоо" лигасы Ысык-Көлдөгү спорттук лагерде орус улутундагы жарандыгы кыргыз өспүрүм бала "улуттук өзгөчөлүгүнөн улам" зомбулукка учураганын кабарлап, Министрлер кабинетинин төрагасы Улугбек Мариповго бул окуяны көзөмөлгө алууну сунуштаган.

14-июлда Россотрудничества агенттигинин жетекчиси Евгений Примаков “бала этникалык орус жана православ болгону үчүн сабалганы белгилүү эле” деп, кыргыз бийлигинен териштирүүнү талап кылган. Ошондой эле, бир катар орусиялык басылмалар “бала диний ишениминен улам сабалды” деп жазышкан.

19-июлда Орусия патриархынын сайтында билдирүү жарыяланып, анда патриарх Кирилл улуту жана дини үчүн ур-токмокко алынган бала тууралуу кабарды чочулоо менен кабыл алганы жазылган.

Акыркы мезгилде Орусиянын расмий өкүлдөрү, депутаттары Кыргызстанда орус тилдүү адамдар дискриминацияга учурап жатканын айтып, бул боюнча чара көрүүнү талап кылууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG