Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:13

«Зомбулукка каршы БИРГЕ» кыймылы Садыр Жапаровду шайлоо боюнча мыйзамга кол койбоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

180ден ашуун уюмдан турган «Зомбулукка каршы БИРГЕ» кыймылынын активисттери президент Садыр Жапаровго кайрылып, Жогорку Кеңешке аялдардын жетиштүү санда шайланышын кепилдей турган демилгелерди колдоого чакырышты.

Кайрылуу президенттик администрацияга бүгүн, 12-августта тапшырылганын “Азаттык” радиосуна кыймылдын өкүлү, бул маселе боюнча алектенген иш тобунун мүчөсү Адинай Жапаралиева билдирди.

Жапаралиеванын айтымында, активисттер Жапаровдон шайлоо боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбооруна кол койбоону, аны кайра иштеп чыгууга жөнөтүүнү өтүнүп, эгер кабыл алынып калса парламентте аялдар эң көп дегенде 18% болоруна кооптонуусун билдиришти.

Кайрылууда “Мыйзам долбоорунда пропорционалдык тутумдун негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54, ал эми мажоритардык тутумдун негизинде бир мандаттуу округ боюнча 36 депутат шайланары жазылды. Дүйнөлүк жана өзүбүздүн тажрыйба, анын ичинде 2005-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоо көрсөткөндөй, аялдардын мажоритардык тутум боюнча шайлануу мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Демек, конституциялык мыйзамда каралган талапкерлердин тизмесиндеги 30 пайыздык аялдар өкүлчүлүгү жөнүндөгү убактылуу атайын чара 54 мандатка гана тиешелүү болуп калат да, шарттуу түрдө айтканда, аялдар 90 мандаттын 16сына гана ээ боло алышат, бул аялдардын өкүлчүлүгү парламентте эң көп дегенде 18% түзө турганын билдирет” деп айтылды.

Активисттер мыйзам долбооруна киргизүүнү зарыл деп эсептеген сунуштарын келтиришти.

"Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоору парламентте 28-июлда оңдоп-түзөтүүлөрдөн кийин дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынган жана президентке жөнөтүлгөн. Президент ага кол койгону тууралуу азырынча маалымат жок.

Быйыл Кыргызстанда айыл кеңештерине шайлоо алгачкы жолу аялдарга 30 пайыздык квота берүү менен өткөрүлдү. Натыйжада айыл кеңештеринде аялдардын саны 9 пайыздан 38 пайызга өстү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG