Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Тилекмат Кудайберген уулу аны кармоо аракети болуп жатканын айтты


Тилекмат Кудайберген уулу жана Жеңиш Молдокматов.
Тилекмат Кудайберген уулу жана Жеңиш Молдокматов.

Жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын кызматкерлери аны кармаганга аракет кылганын билдирип чыкты. Анын айтуусунда, милиция үй камагынын эрежелерин бузду деп камоого аракет кылып жатат.

“12-август күнү кечки саат 22:00дөр чамасында Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын кызматкерлери төрт унаа менен үйгө келип кармап кеткенге аракет кылды. Булардын максаты көчөдө жүргөн жеринен кармап кеттик деп айтуу болчу. Бирок жанымда он чакты тааныш адамдар болгондуктан кармап кете алган жок. Булар мени камаганга аракет кылып жатышат”.

Кудайберген уулу 12-августта жасалма номур таккан унаа аны аңдып жүргөнү тууралуу "Фейсбуктагы" баракчасына жазган.

Тилекмат Кудайберген уулу Жазык кодексинин 310-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") жана 264-беренеси ("Массалык башаламандыктар") боюнча айыпталган. Укук коргоо органдары анын "Фейсбуктагы" баракчасындагы билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деп тапкан жана активист 15-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.

Бишкек шаардык соту Кудайберген уулунун бөгөт чарасын 26-апрелде карап, үй камагына чыгарган.

Тилекмат Кудайберген уулу президент Садыр Жапаровдун саясатын сындап келет. Ал "Жетим-Тоону коргоо" кыймылын жетектеген, "Ханституцияга каршы" борборунда мүчө болгон. 11-июлда Бишкек шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоодо "Туран" партиясын жетектеп чыккан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG