Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Бишкектеги ЖЭБ-2 беш жыл аралыгында ишке кирери айтылды


Президент Садыр Жапаров Бишкектеги ЖЭБ-2нин абалы менен таанышты
Президент Садыр Жапаров Бишкектеги ЖЭБ-2нин абалы менен таанышты

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Жылуулук электр борбору — 2нин (ЖЭБ-2) абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда жакын арада ЖЭБ-2ни реабилитациялоо боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга тендер жарыялоо пландалып жатканы айтылат.

ЖЭБ-2нин курулушун кайра жандандыруу, 2-5 жылдын ичинде куруп бүткөрүү менен анын кубаттуулугун 460 МВтка жеткирүү сунушталып жатканы белгиленген.

ЖЭБ-2нин долбоору 1991-жылы иштелип чыккан. Долбоор боюнча негизги отун катары жаратылыш газын колдонуу пландаштырылган. Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2ни 100 гектардан ашык жерге 2 этап менен куруу мерчемделген. Бирок СССР кулап, газ менен жабдуу үзгүлтүккө учурагандан кийин объектинин курулушу токтоп, 47 гектар аянттагы ЖЭБ-2нин санитардык зонасына акырындык менен жеке турак үйлөр курулуп кеткен.

Президент Садыр Жапаров ЖЭБ-2нин имараты менен жабдууларын көрүп чыгып, бул стратегиялык объектинин айланасындагы калктуу конуштун тургундары менен баарлашты.

Жергиликтүү тургундар ЖЭБ-2нин айланасындагы жер тилкелерин трансформациялоо, социалдык объектилердин куруу жана башка курч көйгөйлөр тууралуу суроолорун беришти. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG