Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган коллекциялык монеталар чыкты


Улуттук банк.
Улуттук банк.

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата Кыргызстандын Улуттук банкы 16-августтан тартып “Тарыхый окуялар” сериясынан алтындан жана күмүштөн жасалган коллекциялык монеталарды жүгүртүүгө чыгарды. Мекеменин маалыматына караганда, монеталар “Эгемен Кыргызстанга 30 жыл” деп аталат.

100 сомдук номиналдагы алтын монетанын баасы 50 миң сомдой, ал эми 10 сомдук номиналдагы күмүш монетанын наркы 3 410 сом деп аныкталды. Ар бири атайын кутучага салынып, сапат сертификаты тиркелди.

Буга чейин коллекциялык монеталар эгемендиктин 20 жана 25 жылдыгына карата да чыгарылган.

Бардык коллекциялык монеталар Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты макамына ээ. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG