Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Москва облусунда учак кырсыгынан үч адам каза болду


Кулап бараткан Ил-112В учагы. 17-август, 2021-жыл. Москва облусу.
Кулап бараткан Ил-112В учагы. 17-август, 2021-жыл. Москва облусу.

Москва облусунда аскердик-транспорттук учак кырсыктап, ичиндеги экипаждын үч мүчөсү тең каза болду. Алардын башында эмгек сиңирген учукуч, Орусиянын баатыры Николай Куимов турган. Бул тууралуу Орусиянын бириккен авиакурулуш корпорациясы билдирди.

Күбөлөр тарткан видеодо учак аэродромго жакындап келатканда оң тарабы күйүп жатканын көрүүгө болот. Андан соң ал тең салмактуулугун жоготуп, токойго кулап түшкөн.

Ушул тапта учак түшкөн жерде куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат.

Ил-112В – Орусияда баштан аяк чогултулган алгачкы аскердик-транспорттук учак. Кырсыктаган учак Москва облусунда өтө турган "Армия-2021" эл аралык аскердик-техникалык форумда көрсөтүлмөк.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG