Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Кыргызстан Ооганстандагы бардык тараптарды туруктуулук орнотууга чакырды


Кабулдагы коопсуздук кызматкери, 15-август 2021-жыл.
Кабулдагы коопсуздук кызматкери, 15-август 2021-жыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы кырдаал боюнча билдирүү таратты. Анда алар Ооганстандагы окуялардын өнүгүшүнө тыкыр көз салууну улантып жатканын маалымдады.

Кыргызстан Ооганстандагы кырдаал тез арада турукташып, укуктук талаада жаңы бийлик институттары түзүлүп, өлкөнүн бардык саясий жана этникалык топторунун катышуусу менен тынчтык орнотулат деп үмүт кылат.

“Биз бардык тараптарды сабырдуулукка, зомбулукка барбоого жана улутуна, динине, саясий көз карашына карабастан Ооганстандын карапайым калкынын коопсуздугун, чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кол тийбестигин камсыздоого чакырабыз. Бардык этникалык азчылыктардын, анын ичинде Чоң жана Кичи Памирдеги кыргыздардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган бардык чет өлкөлүк жарандарга Ооганстандан эркин чыгуу мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берүүгө чакырабыз”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.

АКШ баштаган эл аралык коалиция Ооганстандагы күчтөрүн 1-майдан тарта чыгарып кете баштаган. Талибдердин аракети ошондон тартып күчөп, анын аягы Кабулду алуу менен аяктады. Аскерлерди чыгарып кетүү жараяны 11-сентябрда аяктай турганы айтылган. Бирок кырдаалга байланыштуу ушул айда Ооганстандан толук чыгарылганы жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG