Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Орхан Инанды боюнча чек арачыларга кылмыш иши козголду


Орхан Инандынын тарапташтары Бишкекте күн сайын акция өткөрүп, аны табууга көмөк сурашкан.
Орхан Инандынын тарапташтары Бишкекте күн сайын акция өткөрүп, аны табууга көмөк сурашкан.

Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемелерин жетектеп келген Орхан Инандынын Түркияга чыгарылып кетиши боюнча иш Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, "шалаакылык" жана "чек арада кызмат өтөө эрежесин бузуу" беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жактоочу Таалайгүл Токтакуновага таянып, Аскер прокуратурасы Орхан Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетиши боюнча Чек ара кызматынын кызматкерлерине карата сотко чейинки териштирүү башталганын жазып чыгышкан.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголуп, дайыны чыкпай жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып келгенин айткан.

Инандынын Түркиядагы адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз Инандыга козголгон кылмыш иши менен таанышуу жүрүп жатканын, прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылганын, алгачкы сот отуруму 16-cентябрга белгиленгенин маалымдаган.

Ал Инанды аны үч кыргызстандык киши күч менен кармап, көзүн таңып, Түркияга алып чыгууга жардам бергенин айтып жатканын билдирген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орхан Инандыны кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. Ал эми УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Орхан Инанды кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын айтып, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин маалымат жыйында билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG