Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Талибдер ооган аткаминерлерине мунапыс убада кылды


"Талибан" кыймылынын жоочулары.
"Талибан" кыймылынын жоочулары.

"Талибан" кыймылы Ооганстандагы өкмөт өкүлдөрүнө мунапыс берүүнү убада кылып, мамлекеттик мекемелерди ишин жандантууга чакырды. Бул тууралуу "Франс-пресс" агенттиги аталган кыймылга таянып жазды.

"Кадимики жашоого ишенимдүү кайтып келиши үчүн баарына жалпы мунапыс жарыяланды", - деп айтылат талибдердин билдирүүсүнө.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. Азыр анын кайда экени белгисиз.

Талибдерден кооптонгон оогандыктар башка мамлекеттерге чыгып кетүүнүн аракетин көрүп жатышат. Дүйнөнүн 70тей мамлекети талибдерди Ооганстандын жарандарынын жана чет элдиктердин коопсуз чыгып кетишине мүмкүнчүлүк берүүгө чакырышты.

Талибдер 1996-жылдан 2001-жылга чейин Ооганстанды башкарган. Алар бийликте турган учурда адам укуктары, өзгөчө кыз-келиндердин укугу басмырланганы белгиленип келет. АКШ баштаган эл аралык коалициянын күчтөрү 2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йоркто болгон террордук чабуулдардан кийин Ооганстанга кирген. Көп өтпөй талибдердин бийлиги кулаган эле.

"Талибан" 20 жылдык согуштан кийин бийликти кайраколго алууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG