Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

АКШда коронавируска каршы вакцинанын кошумча дозасы сайылат


АКШнын Коннектикут штатында вакцина сайып жаткан медкызматкер.
АКШнын Коннектикут штатында вакцина сайып жаткан медкызматкер.

Кабарларга караганда, АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын саюу тууралуу билдирүү жасайт.

Вакцинанын эки дозасын алгандан кийин сегиз ай өткөн соң адамга үчүнчү доза сайылышы мүмкүн.

Бул тууралуу New York Times жана Washington Post басылмалары өз булактарына таянып жазышты. Маалыматтарга ылайык, мындай билдирүү ушул апта ичинде жасалышы ыктымал.

Саламаттык сактоо тармагындагы адистер коронавирустун "дельта" штаммынан улам жана вакцинанын натыйжалуулугу убакыт менен төмөндөй турганы тууралуу маалыматтардын айынан үчүнчү доза зарыл деген жыйынтыкка келишкен.

Үчүнчү доза алгач карылар үйүндөгүлөргө, медкызматкерлерге жана улгайгандарга сайылары күтүлүп жатат. Өткөн аптада АКШда иммунитети начар адамдарга үчүнчү доза сайылышы керек деген чечим жактырылган.

Учурда Кошмо Штаттарда 12 жаштан жогору адамдардын 60% эмделгенине карабай коронавирустун "дельта" штаммы кеңири жайылып жатат. Вакцина албагандардын арасында катуу ооругандар жана каза болгондор көп.

Буга чейин Израилде коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасы сайылып жатканы кабарланган. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму үчүнчү дозаны кое туруп, бай өлкөлөр жакыр мамлекеттерге вакцинадан каралашса жакшы болорун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG