Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:05

Израилде вакцинанын үчүнчү дозасын сая башташты


Израилдин мурдагы премьер-министри Беньямин Нетаньяху коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын алып жатат. 30-июль, 2021-жыл. Тель-Авив.
Израилдин мурдагы премьер-министри Беньямин Нетаньяху коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын алып жатат. 30-июль, 2021-жыл. Тель-Авив.

Израилде коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын сайып башташты. Жапонияда COVID-19 күчөп жатканына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими узартылмай болду. Казакстанда бул илдеттен бир суткада көз жумгандардын саны 100дөн ашты.

Израил коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын сайып баштаган дүйнөдөгү биринчи мамлекет.

Pfizer/BioNTech вакцинасынын үчүнчү дозасы бери дегенде беш ай мурда эмделген 60 жаштан жогоруларга сайылат. Бул тууралуу 29-июлда Израилдин өкмөт башчысы Нафтали Беннет билдирди:

"Мындай чечим олуттуу иликтөөлөрдүн жана анализдердин негизинде кабыл алынды. Ошондой эле, коронавирустун "дельта" вариантынын жайылып жатышы да түрткү болду. Израилде иммунитети алсыз эки миңдей адам вакцинанын үчүнчү дозасын алышты. Кандайдыр бир терс таасирлери байкалган жок".

Алгачкылардан болуп вакцинанын үчүнчү дозасын Израилдин президенти, 60 жаштагы Ицхак Герцог жубайы менен чогуу алды. Ал мындай чара жашоону кайра калыбына келтирүү үчүн маанилүү экенин айтып, өкмөттүн мындай кадамы менен сыймыктанарын кошумчалады.

Ошондой эле, мурдагы премьер-министр Беньямин Нетаньяху дагы вакцинанын үчүнчү дозасын сайдырды.

Израил дүйнөдө алгачкылардан болуп калкынын көбүн эмдөөдөн өткөргөн. Апрель айында ал жакта калктын 60% вакцина алган эле. 1-июндан баштап өлкөдө дээрлик баардык карантин чаралары жоюлган. Андан соң беткап кийбегенге уруксат берилген. Анткен менен көп өтпөй эле "дельта" штаммына байланыштуу кайра айрым чаралар киргизилген. Соңку айда Израилде коронавирус жуктургандардын саны көбөйө баштады. Ушул тапта илдетке чалдыккандардын күнүмдүк көрсөткүчү эки миңдин тегерегинде болуп жатат.

Израилдин премьер-министри Нафтали Беннет. 22-июнь, 2021-жыл.
Израилдин премьер-министри Нафтали Беннет. 22-июнь, 2021-жыл.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму азырынча вакцинанын үчүнчү дозасын саюуну расмий сунуштай элек. Буга анын натыйжалуулугу жана коопсуздугу боюнча далилдердин жетишсиздиги себеп болуп жатат. Уюм коронавирустун жаңы штаммдарынын алдын алуу үчүн бай мамлекеттер жакыр өлкөлөргө вакцинадан каралашуусу зарыл деп эсептейт.

Жапонияда өзгөчө кырдаал режими узартылат

Жайкы Олимп оюндары өтүп жаткан Жапонияда бийлик коронавирустун күчөп жатканына байланыштуу өзгөчө кырдаал режимин узартууну чечти. Мындай чара баш калаа Токионун жака-белиндеги үч аймакка киргизилет.

29-июлда Токиодо коронавируска кабылгандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Ал эми өлкөдө жугузуп алгандардын саны күнүнө он миңге чамалап жатат.

Жапонияга келген 40 миңдей спортчу жана аларды коштоп жүргөндөрдүн арасынан 220 кишиден коронавирус чыкты.

Олимпиада кыштагындагылардын 80% вакцина алышкан. Ал жактагылардын баары күндө тест тапшырып, эки-жакка эркин басууга уруксат берилбейт. Көп таймаштар көрүүчүлөрү жок өтүп жатат.

Казакстанда өлгөндөрдүн саны 100дөн ашты

Борбор Азияда коронавирус Казакстанда күч алды. Соңку бир суткада вирусту жуктуруп алгандардын саны 7800гө чамалады. 101 бейтап көз жумду. Жуктургандардын саны Алматы, Нур-Султан шаарларында жана Караганда облусунда эң көп катталууда.

Жогорку көрсөткүчтөр коронавирустун "дельта" штаммына байланыштуу экенин саламаттык сактоо министри Алексей Цой 29-июлда билдирди.

Ал ошондой эле, оор абалдагылардын көбүнүн өнөкөт оорулары болгонун жана вакцина албагандар экенин кошумчалады.

"Тилекке каршы, ооругандардын 99% эмделбегендер. Муну токтотуу үчүн бардык чараларды көрүп, вакцинация кампаниясын күчөтүүдөбүз", - деди Цой.

Казакстанда элди Карагандада чыгарылган Орусиянын «Спутник V», жергиликтүү QazVac жана Кытайдын CoronaVac вакциналары менен эмдеп жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG