Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:32

Билим берүү тармагында иштегендердин 39% коронавируска эмделди


Кыргызстандагы коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү.
Кыргызстандагы коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү.

Кыргызстанда билим берүү тармагында иштегендердин 39,41%, же 60 миңден ашык кызматкер коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, окуу жылын салттуу ыкмада (оффлайн) баштоо үчүн дагы педагогдордун дагы 30%и эмдөөдөн өтүшү керек.

Мектепке чейинки уюмдарда иштеген кызматкерлер 92,7%, мугалим жана мектеп тарбиячылар 51,9%, баштапкы кесиптик билим берүүдөгү педагогдор 59,4%, орто жана атайын билим берүүчүлөр 41,3%, жогорку окуу жайда иштегендер 32,6% эмделди.

Кыргызстанда жалпы 150 миңден ашуун адам агартуу жаатында эмгектенет.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган.

Жалпы эмделгендер 900 миңден ашты. Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V", COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүүдө. (BCh)

XS
SM
MD
LG