Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:39

Германия Кыргызстанга COVID-19га каршы 110 миң доза вакцина берет


Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Германиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Габриэла Геллил.
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Германиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Габриэла Геллил.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 20-августта Германиянын Кыргызстанга жаңы дайындалган атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Габриэла Геллил менен жолукту.

Элчи министрге ишеним грамотасын тапшырып, дүйнөлүк COVAX программасынын алкагында Кыргызстанга Германиядан 110 миң доза коронавируска каршы вакцина берүү чечими кабыл алынганын кабарлады.

Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Мындан тышкары эки тарап кыргыз-немис кызматташтыгын талкуулап, Бишкекте ачылышы пландалган француз-герман маданият институту тууралуу сүйлөштү. Маданий, билим берүү жаатында кызматташтыкты арттырууну макулдашты.

Кыргызстанга COVAX программасы аркылуу Азербайжандан 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы келген. Буга кошумча COVAX программасы 220 миң доза AstraZeneca вакцинасын берген. Өлкөдө 970ден ашуун адам эмделди.

Алардын 630 230у вакцинанын эки дозасын тең алды.

Азыркы тапта Кытайдын Sinopharm, Европанын AstraZeneca, Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен 18 жаштан жогорку кыргызстандыктар акысыз эмделип жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG