Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 18:04

Түркия жана Грекия чек араларын бекемдөөгө киришти


Кабул аба майданында ооганстандык качкындар наристесин чек арадан өткөрүүдө.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Грекиянын өкмөт башчысы Кириакос Мицотакис менен 20-августта телефондон Ооганстандагы акыркы абал тууралуу сүйлөштү.

Эки өлкөнүн лидерлери Ооганстанда курчуган кырдаалдан улам Европага бет алган качкындар Грекия менен Түркияга да жетиши мүмкүн экенин талкуулашты.

Мицотакис талибдердин баскынчылыгынан качкандарды Ооганстанга жакын жайгашкан коңшу өлкөлөр кабыл алып, "болушунча мекенине жакын кармап турушу керек" деген көз карашын айтты.

Ал эми Эрдоган Ооганстандагы башаламандык бардык өлкөлөргө кыйынчылыктарды алып келет деген кооптонуусун билдирди. Түркияда азыркы тапта Сириядан барган 5 миллион, Ооганстан жана башка өлкөлөрдөн 300 миңдей качкын баш калкалап жатат.

2015-жылдагы миграциялык апааттан бери Грекия дүйнөдөгү качкындардын Европа менен Жакынкы Чыгышка баруусуна жол ачкан дарбазасы болуп калган.

"Түркия Европанын качкындар согушунун милдетин алган эмес. Евробиримдик бул маселени өзү чечиши керек", - деп билдирген түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 19-августта.

Бириккен улуттар уюмунун маалыматына караганда, 1979-жылдан бери 5 миллиондон ашуун ооганстандык жаран качкынга айланган.

Алардын 90% коңшу Иран менен Пакистанды байырлап калышкан. Түркия азыркы тапта Иран менен чек арасын бекемдеп жатат.

Грекия 20-августта Түркия менен чек арасындагы 40 чакырымдык тосмону чыңдады. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG