Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Жалал-Абадда ашар жолу менен бүткөн мектеп эмерек жок иштебей турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айыл аймагында элдин салымы менен бүткөн 3 кабаттуу мектеп 3 жылдан бери эмеректердин жоктугунан улам пайдаланууга бериле элек. Бул тууралуу Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы Икрамжан Чолпонов билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү тургундардын салымы менен 180 орундуу, 3 кабаттуу 10 бөлмөдөн турган имараттын курулушу 2016-жылы башталып, 2018-жылы бүткөрүлгөн. Арстанбап айыл өкмөтү 1 миллион сомго чукул каражат бөлүп берип, калган чыгымын эл көтөргөн.

“Үч жылдан бери турган мектепти быйыл ачууну пландап жатабыз. Мектептин өзүнүн уставы, мөөрү бар Учурда мектептин короосу тосулуп, сырдалып жатат. Эмеректер алууга айыл өкмөттүн чамасы жетпей, министрликке кайрылганбыз”, - деди.

Айыл өкмөт башчысы Арстанбапдагы Кызыл-Алма участкасында жергиликтүү тургун салып берген 2 кабаттуу 150 орундуу мектепте да парта, отургучтар жетишсиз экенин кошумчалады. Эки мектепке жалпы эмерек сатып алуу үчүн 1 миллион сомдон ашуун каражат керек.

Арстанбапта жалпы 23 миңден ашык адам жашайт. Айыл аймакта 1 негизги жана 8 орто мектеп бар. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG