Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

"Талибан" Ооганстандан чет элдик аскерлерди чыгаруу мөөнөтүн узартууга каршы


Ооганстан. Кабул эл аралык аэропортундагы америкалык аскерлер.
Ооганстан. Кабул эл аралык аэропортундагы америкалык аскерлер.

Талибдер Кабул аэропортунда турган эл аралык күчтөрдүнОоганстандан чыгуу мөөнөтүн 31-августтан кийин узартуу демилгесине каршы экенин эскертти. Бир күн мурда АКШ президенти Жо Байден эвакуация иштеринин татаалдыгына байланыштуу коопсуздук боюнча команда бул маселени талкуулап жатканын айткан.

Британ премьер-министри Борис Жонсон "Чоң жетинин" лидерлеринин 24-августтагы саммитинде Байденди бул мөөнөттү узартууга чакырат деп күтүлүүдө. Бирок "Талибандын" басма сөз өкүлү Сухейл Шахин Sky News телеканалына курган маегинде эгер америкалык аскерлер 31-августтан кийин да Ооганстанда кала турган болсо, анда ортодогу ишенимге доо кетерин, буга жооп кайтарылышы мүмкүн экенин эскертти.

"Бул кызыл чек. Президент Байден бардык аскердик күчтөрдү 31-августка чейин чыгарып кетерин жарыялаган. Эгер узарта турган болсо, анда бул зарылчылык болбосо да, баскынчылыкты узарткандык болот", - деди Шахин.

"Талибан" чет элдик күчтөрдүн Ооганстанда калышына каршы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:59 0:00

Кабул аэропортунда миңдеген адамдар Ооганстандан чыгып кетүү үчүн күнү-түнү кезек күтүп турушат. 14-августтан бери аэропорт аркылуу 28 миңдей киши эвакуацияланды. Аба майданга жете албай жаткан оогандыктардын саны да аз эмес.

Пентагон аскердик учактар жетишпей жаткандыктан алты америкалык жеке авиакомпанияга адамдарды ташууга жардам көрсөтүүнү суранды. Коммерциялык учактар адамдарды убактылуу жайлардан ары ташып кетери чечилгенин билдирди.

НАТОнун маалыматына ылайык, талибдер ооган баш калаасын ээлегенден бери бир жума ичинде Кабул аэропортунда жана анын айланасында кеминде 20 киши мерт болду. Алардын айрымдарына ок тийсе, кайсы бири башаламандык маалында тебелендиде калып каза тапкан.

АКШнын президенти Жо Байден эвакуация жараянын болушунча тез жыйынтыктоого аракет жасалып жатканын айтканы менен америкалык аскерлерди чыгаруу үчүн белгиленген 31-августка чейинки мөөнөт узартылышы мүмкүн экенин четке каккан жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG