Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Президент «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамды парламентке кайтарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамга кол коюудан баш тартып, кайра иштеп чыгуу үчүн аны парламентке жөнөттү. Бул тууралуу 24-августта “Азаттык” радиосуна Тоо-металлургчулар профсоюзунун президиумунун мүчөсү Калысбек Рыспаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Дүйнөлүк эмгек уюмунун конвенцияларын ратификациялап, өзүнө бир катар милдеттенмелерди алган, андыктан кайра артка кайтарылганы туура чечим болду:

“Мыйзамга кол коюлуп калса Министрлер кабинети кесиптик бирлик уюмун толугу менен өз карамагына алмак. Бирок бирлик – жумушчулардын бирикмеси, алар өзүлөрү биригип, уюм түзүп жаткандан кийин көз каранды эмес болушу керек. Конституцияга, мыйзамдарга баш ийебиз, бирок кесиптик бирлик уюмдары Уставдын негизинде иштейт. Жетекчилердин баары шайлоо жолу менен келет, анткени жумушчулар чогуу иштеп жүрүп ким алардын укугун коргой аларын өзүлөрү жакшы билишет. А бул мыйзамда “мамлекет бекитип берет” деген жери бар болчу. Президент вето койгонуна ыраазычылык билдиребиз”.

Тоо-металлургчулар профсоюзу билдиргендей, президент аталган мыйзамды буга чейин да кайра артка кайтарган, бирок парламент мамлекет башчысынын макулдашылган вариантты иштеп чыгуу тууралуу талабын аткарбастан, чийки бойдон кабыл алып, кол коюуга жөнөткөн.

“Жогорку Кеңеш 30-июнда кабыл алган мыйзамда эл аралык нормаларды ого бетер бузган, катуу чектөөлөрдү киргизүүчү, Федерациянын абсолюттук монополиясын орнотуучу талаптар жазылган. Көп беренелери бирине бири карама-каршы келет, так эмес жазылган” деп айтылат билдирүүдө.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кенештин тогуз депутаты иштеп чыккан. Авторлордун бири, ошол кездеги депутат Мирлан Бакиров долбоорду кабыл алууда регламент бузулбаганын айткан. Ал кесиптик кошуундардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу азыркы мыйзамдын Конституцияга жана Эмгек кодексине каршы келген жерлери бар экендиги тууралуу Юстиция министрлигинин каты келип түшкөнүн эске салган. Ошондуктан негизги максат – ачык-айкындуулукту жана отчёттуулукту камсыз кылуу экенин билдирген.

Буга чейин Бишкекте Кесиптик кошуундар федерациясынын башкы имаратынын алдында бир нече жолу нааразылык акциясы өткөн. Пикетке чыккандар «Кесиптик кошуундар жөнүндө» жаңы мыйзамга каршы болуп, анын долбоорун Жогорку Кеңеш регламентти бузуу менен кабыл алганын, кошуундардын мүлкүн рейдерлик жол менен басып алуу, жетекчиликке «өз кишини» алып келүү аракети жүрүп жатканын айтышкан.

Мыйзам долбооруна каршы пикирин буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ), Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ), Human Rights Watch (HRW) уюмунун өкүлдөрү да билдиришкен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG